Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

II сессиясынын

 

2025-жыл 24-январындагы №2/2

 

2025-2027-жылдарга карата Барпы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндѳ” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировдун, 22.01.2025-жылдагы №01-15/003 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     2025-2027-жылдарга карата Барпы айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык беткитилсин.

 

2.    Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго тапшырылсын.

 

3.    Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

 

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, Бюджет, каржы жана экономика меселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Д.Темирбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

 

У.А. Абдыкулов

 

 

 

 

 

 

Бекитилди

Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2025-жылдын 24-январындагы № 2/2 токтому менен

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Барпы айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга

 

СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК

ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ