НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылышындагы Нурманбет айыл аймагынын Нурманбет айылдык кеңешинин III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 5/III
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Нурманбет айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасына жана Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Н.С. Бекбоева |