Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин 5 - чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2025-жылдын 31-январы № 2

                                                                                                                                                                                 

 “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомун жоюу жана муниципалдык ишкана түзүү жѳнүңдѳ

Айдаркен шаардык кеңеши “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун 2024-жылдын №24 сандуу сунуш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы №64 Акционердик коомдор жөнүндө Мыйзамынын 18,19,20-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругуна ылайык Айдаркен шаардык кеңеши кезектеги 4-сессиянын №4-протоколунун негизинде

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаарындагы  “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коому жоюлсун жана муниципалдык ишкана болуп түзүлсүн.

2. Токтомду аткарууга алуу, тийиштүү иш материалдарын мыйзамдаштыруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына жана “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомуна  милдеттендирилсин. 

3.Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага

А.А.Алтымышова