ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 26-августу
Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу Жерге-Тал айылындагы борбордук паркына өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылындагы борбордук паркынын айланасын тосуу, жарыктандыруу, балдар ойноочу аянттарды жана аллеяларды куруу долбоорун Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексизсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп, долбоордун жалпы сметалык наркы 2 951 710 (эки миллион тогуз жүз элүү бир миң жети жүз он) сомду түзгөн Жерге-Тал айылындагы борбордук паркынын айланасын тосуу, жарыктандыруу, балдар ойноочу аянттарды жана аллеяларды куруу долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 180 684 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз сексен төрт) сом өздүк салым акча каражаты каралсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Төрага | Ы. Бакаев |