Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/10

Сүлүктү шаарынын Дзержинский көчөсүнө «Амира Мууди Бинту Халид Бин АбдульАзиз Ааль Сауд» атындагы борбор тарабынан каржыланып курулган бала бакча, мечит, ФАПтын имараттарын баланска алууга макулдук берүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын 12.12. 2024ж. №01-7/3472 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын Дзержинский көчөсүнө «Амира Мууди Бинту Халид Бин АбдульАзиз Ааль Сауд» атындагы борбор тарабынан каржыланып курулган бала бакча, мечит, ФАПтын имараттарын баланска алууга макулдук берүү жөнүндө маселе боюнча шаардык кеӊештин  “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясынын КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5,6- беренелерине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.  Сүлүктү шаарынын Дзержинский көчөсүнө «Амира Мууди Бинту Халид Бин АбдульАзиз Ааль Сауд» атындагы борбор тарабынан каржыланып курулган бала бакча, мечит, ФАПтын имараттарын баланска алууга макулдук берилсин
  2. Жогоруда аталган имараттарды баланска алуу иштери мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров