Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/13

Сүлүктү шаардык кенешинин 2025-жылга  иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 16-беренесинин негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын  сунуштарын угуп жана талкуулап  Сүлүктү  шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2025-жылга иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин  (иш план тиркелет);/

2.            Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2025-жылга бекитилген иш-планынын аткарылышын  камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн;/

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (сегизинчи чакырылыш)кезексиз III сессиясынын 27.01.2025ж. №01-5/13  токтомуна тиркеме

Сүлүктү шаардык кенешинин 2025-жыл үчүн иш-планы

I. Сессияда каралуучу маселелер

 

№

Каралуучу маселелер

Аткарууга жооптуулар

Маселени даярдоого жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

I - квартал

 

1

Шаардык кеӊештин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Шаардык кеӊештин

аппараты,

Туруктуу комиссиялар

Шаардык кенештин аппараты

 

Туруктуу комиссиялар

 

I -квартал 2025-жыл

2

2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана 2026-2027–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

 

Шаардык мэрия

КРФМСБнын башчысы

“Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясы

I -квартал 2025-жыл

II – квартал

 

1

 

 

 

 

2023-2027-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын 2024-жылга аткарылышы жөнүндө

Шаардык мэрия  

Туруктуу комиссиялар

(Кошмо отурум)

II –квартал

2025-жыл

2

Коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы боюнча аткарылган иштер жөнүндө

Шаардык мэрия

“Сүлүктү Тазалык” МИнын жетекчиси

«Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология» боюнча  туруктуу  комиссиясы

II –квартал

2025-жыл

3

Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт секторунун аткарган иштери жөнүндө

Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт секторунун башчысы

« Социалдык маселелер, билим берүү,  саламаттыкты сактоо, мамлек мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт”  боюнча туруктуу комиссиясы

II –квартал

2025-жыл

 III – квартал

 

1

Шаарга ннвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө

Шаардык мэрия

“Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясы

III –квартал

2025-жыл

2

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин аткарган иштери жөнүндө

Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы

«Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура» боюнча туруктуу комиссиясы

III –квартал

2025-жыл

3

“Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

“Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын жетекчиси

“Өнөр жай, транспорт, жол,  коммуналдык иштер, таза суу, тазалык  жана экология» боюнча  туруктуу  комиссиясы

III –квартал

2025-жыл

IV - квартал

1

Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жана мектепке чейики билим берүү мекемелериндеги түзүлгөн шарттар боюнча аткарылган иштердин абалы боюнча маалыматты угуу 

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

« Социалдык маселелер, билим берүү,  саламаттыкты сактоо, мамлек мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт”  боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

2025-жыл

 

 

2

Шаардын калкынын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылган иштердин абалы боюнча маалымат угуу

Сүлүктү шаардык ЖДПБнун директору

« Социалдык маселелер, билим берүү,  саламаттыкты сактоо, мамлек мамлекеттик тил, каада салт,  жаштар саясаты жана  спорт”  боюнча туруктуу комиссиясы

IV квартал

2025-

3

Шаардык кеӊештин 2026-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Шаардык кенештин аппараты

Туруктуу комиссиялар

 

Шаардык кеӊештин аппараты

IV квартал

2025-жыл

 

 

 

 

II.  УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА  МАСЕЛЕЛЕР:

 

 

№

Аткарылуучу иштер

Аткарууга жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

1

Шаардык кеӊештин депутаттары жана коалиция, фракциялар менен иш алып баруу

Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери

Ар дайым

2.

Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуулардын графигин түзүү жанаи  уюштуруу иштерин жүргүзүү 

Шаардык кеӊештин төрагасы

Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери

Ар дайым

3

Шаардык кеӊештин иш кагаздарын электрондук документтер системасы (СЭД)  жана   Е Кызмат программасы менен иш жүргүзүү

Шаардык кеӊештин аппараты

 

Жооптуу катчы

Ар дайым

 4

Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү

Шаардык кеӊештин аппараты

 

Ар дайым

5

Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерин  окутууларды, семинарларды уюштуруу, уюштурулган окуу семинарларга катышууну камсыз кылуу.  КРнын министрлер кабинетине караштуу МКЖӨАБИ боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу менен

Шаардык кеӊештин төрагасы

Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы

Шаардык кеӊештин депутаттары

Макулда шуу менен

6

Шаардын калкы тарабынан келген арыз, кайрылуулар боюнча иш алып баруу

Шаардык кеӊештин депутаттары, туруктуу комиссиялар

Жооптуу катчы

Жыл ичинде

7

Сессиялардын стенограммасын жүргүзүү

Шаардык кеӊештин аппараты

 

 

 

Жыл ичинде