Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/16

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3111 беренесинде каралган “Сүлүктү шаарындагы эс алуу багын реконструкциялоо” долбооруна бөлүнгөн 1млн 500 000 сом акча каражатын “Сүлүктү шаарындагы Бакыбек көчөсүнүн жолдордун жээгине лотокторду орнотуу долбооруна жылдырып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын 12.12.2024ж. №01-7/3462 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3111 беренесинде каралган “Сүлүктү шаарындагы эс алуу багын реконструкциялоо” долбооруна бөлүнгөн 1млн 500 000 сом акча каражатын “Сүлүктү шаарындагы Бакыбек көчөсүнүн жолдордун жээгине лотокторду орнотуу долбооруна жылдырып берүүгө макулдук берүү жөнүндө каты  боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3111 беренесинде каралган “Сүлүктү шаарындагы эс алуу багын реконструкциялоо” долбооруна бөлүнгөн 1млн 500 000 сом акча каражатын “Сүлүктү шаарындагы Бакыбек көчөсүнүн жолдордун жээгине лотокторду орнотуу долбооруна жылдырып берүүгө макулдук берилсин
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров