Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/17

“Сүлүктү шаарындагы Т.Марипов көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү” долбооруна кошумча 837 000 сом акча каражатын Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3111 беренесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын 23.12.2024ж. №01-7/3584 чыгыш сандагы “Сүлүктү шаарындагы Т.Марипов көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү” долбооруна кошумча 837 000 сом акча каражатын Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3111 беренесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жөнүндө маселеси боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү”  боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

                                                                                                       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.  “Сүлүктү шаарындагы Т.Марипов көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү” долбооруна кошумча 837 000 сом акча каражатын Сүлүктү шаарынын мэриясынын 3111 беренесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров