Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/19

  

Сүлүктү шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана 2026-2027–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө.

Сүлүктү шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгынын  башчысы А.П. Келдибеков жана  депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджети жана 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №                                                                                                                                                                                 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сүлүктү шаарынын 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 110283,2 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 100393,6 миң сом өлчөмүндө аныкталсын жана 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.     2025-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетине кирешелер боюнча 103793,5 миң сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 103793,5 миң сом  жана 2025-2026-жылдарга болжолу 112083,36 жана 122530,8 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Сүлүктү шаарынын 2025-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу” жөнүндөгү мыйзамын тийиштүү беренелерин аткарууга алуу  жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү  аткаруу бийлигине жүктөлсүн.

4.    Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар, өзгөчө кырдаал жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн негизи, КР респуликалык бюджети жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренеси.

5.    Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2025-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1)          жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан  төлөнүүчү киреше салыгынан 90,0 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).

2)          Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди: (алтынды, мунайды, газды ) кошпогондо алардын иштетилген жери боюнча  жайгашкан орду,  боюнча шаардын тиешелүү  жергиликтүү бюджетине – 50,0 пайыз өлчөмүндө (№3 тиркемеге)  ылайык бекитилсин.

3)          Патенттин негизиндеги салыктан түшүүлөр, шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.   

4)          Жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

5)          Мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

6)          Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

7)          Жер казнасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке 7 пайыз өлчөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

8)          Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык- шаарлардын айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетерине 100 пайыз өлөмүндө (№4 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

6.    2025-жылга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана башка алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.

7.    Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.

8.    Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100,0 пайызы Республикалык бюджеттин кирешесине алынат.

9.    2025-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

10. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдан калган, бош акча каражаттарын 2025-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде, Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.

11. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүнөн аз эмес жана 2025-жылга резервдик фондунун суммасы 1200,0 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.

12. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 500,0  миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

13. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармалыгынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2025-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда) 250,0 миң сом өлчөмүндө (№5 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

14. 2025-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 250,0 миң сом өлчөмүндө (№6 тиркемеге) ылайык бекитилсин.

15. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-август №266 мыйзамынын жана 2022 жылдын 1-августундагы №433 министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө жүргүзүлсүн штаттык бирдиктери мыйзам чегинде коюлсун.

16. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.

17. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2025-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.

18. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүндө болгон дебитордук карыздары жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү (№7, №8, №9 тиркемелердин) негизинде бекитилсин.

19. 2025-жылга Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына жана шаардын эсалуу багына, инжинер (по благоустройтво), шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, куруучу-оңдоп түзөөчү, сантехник, айдоочу,жана жүктөөчү үчүн 27 штаттык бирдик жана эмгек акысына дем берүү жагы каралсын (№10 тиркеменин) негизинде бекитилсин.

20. 2025-жылга Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаарга кызмат көрсөтүүгө 2511-беренесине 4380,0 миң сом (№11 тиркеменин) негизинде бекитилсин.