Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы

2024-жылдын 27-августу   №16/9

Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы конушка көмөкчү чордон, электр мамычаларын жана чубалгыларын орнотуу үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

       Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы конушка көмөкчү чордон, электр мамычаларын жана чубалгыларын орнотуу долбоорун Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын XVI кезексизсессиясы;

  

                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп, долбоордун жалпы сметалык наркы 1 212 400 (бир миллион эки жүз он эки миң төрт жүз) сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы конушуна көмөкчү чордон, электр мамычаларын жана чубалгыларын орнотуу долбоору жактырылсын.  
  2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 242 480 (эки жүз кырк эки миң  төрт жүз сексен) сом өздүк салым акча каражаты каралсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.  
  4. Бул токтомдун аткарылышын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.

   Төрага

Ы. Бакаев