Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/20

“Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 16.12.2024ж. №265 токтомунун негизинде айрым депутаттардын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Абдысаитова Меериниса Айдаралевнанын ордуна шаардык кеӊештин депутаты   Мамытова Салия Баважановна  киргизилсин;

2.    Туруктуу комиссия өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзсүн;

3.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу  комиссиясына   жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров