Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын

 

2024-жыл 05-сентябры №7/4

 

“Чанач-Сай” муниципалдык ишканасына жаңы техникаларды сатып алуу үчүн өнүктүрүү фондоруна сунуштоо жөнүндө

 

 

Т.Балтагулов айыл аймагынын “Чанач-Сай” муниципалдык ишкананын техникалык базасын кеңейтүү жана элге кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатында тазалык ишканасынын жетекчиси М.Асанбаевдин кайрылуусун карап чыгып, сунушун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

1.     “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасына жаңы жүк ташуучу автоунааларын сатып алуу долбоору Ала-Бука райондук жана Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.

 

2.     Тийиштүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.     Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Т. Хамракулов