Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №1/3

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектүү сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.

2.     Регламентин негиз кылып иш алып баруу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика,  мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын төрагасы А.Адиевге тапшырылсын.

   Төрага

Ы. Бакаев