Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры  №1/4

Кезектеги  III Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө»  Жарлыгына ылайык,  Жерге-Тал айыл жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү максатында, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I  кезектүү сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.     Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 7-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын калкынын саны 7383 адам болгондуктанөкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны 50 деп бекитилсин.

3.     Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.     Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасыкалкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.

5.     Жерге-Тал айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын 04-декабрынан 05-декабрына чейин белгиленсин (3-тиркеме).

6.     Кезектеги III Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2024-жылдын 07-декабры деп белгиленсин (4-тиркеме).

7.     Жумушчу топ, бекитилген графиктер боюнча жыйындарды, өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү маселелери боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга алышсын.

8.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 

9.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

   Төрага

Ы. Бакаев

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIХ  чакырылышынын I кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомуна 1-тиркеме

Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы.

 

 

№

А.А.А

Кызматы

Жумушчу тобунун ролу

Айыл аймака жооптуу

1

Бакаев Ызатбек Токтобекович

Айылдык кеңештин төрагасы

Төрага

Баардык

2

Жакыпов Нургазы Жаныбекович

Жооптуу катчы

Катчы

Баардык

3

Р.Кулов

Депутат

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

4

А.Байсалова

Депутат

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

5

Э. Дүйшеев

Депутат

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

6

Н. Усупова

Депутат

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

7

Н.Норузбаев

Айыл башчы

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

8

Г.Сулайманова

Клуб башчы

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

9

Ж.Каныбек кызы

Китепкана башчысы

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

10

Б.Мамырканов

Каролчу

Мүчөсү

Кызыл-Жылдыз а.

11

А. Дүйшоев

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

12

К.Асаналиева

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

13

Г.Сартова

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

14

А.Жетигенов

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

15

А.Керимканов

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

16

К. Исмаилова

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

17

Р.Турсуналиев

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

18

А.Адиев

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

19

Ж.Жамалбек уулу

Депутат

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

20

А.Эркинбаев

Аксакалдар сотунун төрагасы

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

21

Н.Исмаилова

Маданият үйүнүн башчысы

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

22

Н.Үкүева

Китепкана башчысы

Мүчөсү

Жерге-Тал а.

23

К.Бабаев

Депутат

Мүчөсү

Казан-Куйган а

24

А. Аманбеков

Депутат

Мүчөсү

Казан-Куйган а

25

Б. Токтакунова

Депутат

Мүчөсү

Казан-Куйган а

26

К. Касмалиева

Депутат

Мүчөсү

Казан-Куйган а

27

Ө.Карабагышов

Айыл башчы

Мүчөсү

Казан-Куйган а

28

А.Жусуев

Маданият үйүнүн башчысы

Мүчөсү

Казан-Куйган а

29

А.Борбодоева

Китепкана башчысы

Мүчөсү

Казан-Куйган а

30

Н.Дүйшөбаев

Депутат

Мүчөсү

Жалгыз-Терек а.

31

Т.Смайылов

Депутат

Мүчөсү

Жалгыз-Терек а.

32

Н.Өмүрөва

Депутат

Мүчөсү

Жалгыз-Терек а.

33

Н.Усубалиев

Айыл башчы

Мүчөсү

Жалгыз-Терек а.

34

Н.Кыдырмаев

Клуб башчы

Мүчөсү

Жалгыз-Терек а.

35

Ж.Исмаилова

Китепканачы

Мүчөсү

Жалгыз-Терек а.

 

 

 

Катчы                                                                                                              Н.Жакыпов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIХ  чакырылышынын I кезектүү сессиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1/4 токтомуна 2-тиркеме

 

 

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасы.

 

№

Айылдардын

(чөлкөмдүн, көчөнүн) аталышы

Калкынын саны

1 квотага тийиштүү калктын саны

Берилүүчү квотанын саны

Гендердик баланс 30% (аял)

1

Казан-Куйган айылы

Шаңхай, Ортоңку айыл  чөлкөмү

(4/1)

 

744

 

147,66

5

4-эрке, 1-аял

2

Казан-Куйган айылы

Кара-Булак, Беш общит чөлкөмдөрү (2/1)

 

448

 

147,66

3

2-эрке, 1-аял

3

Кара-Үнкүр участогу

59

147,66

1

1-эркек

4

Кызыл-Жылдыз айылы, Айылдын кире беришинен-Ж.Сулайманов көчөсүнө чейинки чөлкөм (4/1)

 

 

771

 

 

147,66

5

4-эрке, 1-аял

5

Кызыл-Жылдыз айылы, Дайыр Ата көчөсүнөн- айылдын аягына чейинки чөлкөм (3/1)

 

 

621

 

 

147,66

4

3-эрке, 1-аял

6

Жерге-Тал айылы

Борбору

 (6/3)

 

 

1389

 

147,66

9

6-эрке, 3-аял

7

Жерге-Тал айылы

Жаңы-Талап чөлкөмү (5/2)

 

1040

 

147,66

7

 

5-эрке, 2-аял

8

Жерге-Тал айылы

Тогуз-Булак чөлкөмү

(5/2)

 

1033

 

147,66

7

 

5-эрке, 2-аял

9

Жалгыз-Терек айылы

Беш-Тас чөлкөмү, М.Бабаков, О.Дүйшөналиев, Б.Шыгайбаев көчөлөрү (4/1)

 

 

712

 

 

147,66

5

 

 

4-эркек, 1-аял

10

Жалгыз-Терек айылы А.Байбагыш уулу, С.Иманалиев, А.Өмүракунов көчөлөрү (3/1)

 

 

 

566

 

 

147,66

4

 

 

3-эркек, 1-аял

Жалпысы:

7383

 

50

өкүлчүлүк

37-эркек

13-аял