Редакцияот 13.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы

2025-жылдын 13-февралы  №3/4

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын

курамын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» типтүү жобонун 21 жана 22 пунктулары жана Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-январындагы №01-20/19 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXIX  чакырылышынын III кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн;

-        Э. Дүйшеев – Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешин депутаты, комиссиянын төрагасы.

-        Т. Сыдыкбеков – Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү.

-        А. Муктарбеков – жооптуу катчы-орун басар, комиссиянын катчысы.

-        К. Таалайбеков – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.

-        А. Мукаш уулу – Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.

-        Ж. Асан уулу – Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.

-        Б. Мамбетсыдыков – коомдук коопсуздук боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү.

-        Р. Турсуналиев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

-        А. диев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

-        Н.Дүйшөбаев – Жергиликтүү кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.

2.    Жаңыдан түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып барышсын.

3.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

   Төрага

Ы. Бакаев