Редакцияот 20.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8- чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы

 

2025-жылдын 20-январы № 01-07/2

 Молдо Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндө

 

 

Молдо Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставын бекитүү жөнүндөгү маселени Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясында угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Молдо Нияз айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын уставы бекитилсин.

2.     Уставды белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х. Досановго) милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция    министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык   кеңештин жооптуу катчысы Мамарасул кызы Дилфузага  тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

И.К.Салиев

 

 

Молдо-Нияз айыл аймагынын  Жергиликтүү жамааттарынын

Типтүү уставы  (долбоор)

 

Биз, Молдо-Нияз айыл аймагынын жергиликтүү жамааты,

 

өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен;

ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп;

өзүбүздүн аймагыбызда жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып;

жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп,ушул уставды кабыл алабыз.

               I.          Жалпы жоболор

              II.         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

         III.       Жергиликтүү маанидеги маселелер

           IV.      Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну

                   жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

            V.      Жергиликтүү       жамааттын   ички   жашоо-тиричилигинин    негизги  

принциптери жана эрежелери

           VI.      Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен