Редакцияот 13.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы

2025-жылдын 13-февралы  №3/6

Жерге-Тал айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси» 379 жана 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгын эсептөө жайларга салыктын ставкаларына өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын III кезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кыргыз Республикасынын «Салык кодекси» 379 жана 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагындагы турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгынын базалык наркы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;

Дубалдын материалы

Эксплуатациялоо мөөнөтү

Базалык салыктын наркы, сом

Кыш, жыгач, курама же монолиттүү бетон, темир бетон блоктор

5 жылга чейин

13

5-15 жыл

12

15-30 жыл

11

30-45 жыл

10

45 жылдан ашык

8

Чийки топо (саман, сокмо) шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу

5 жылга чейин

8

5-15 жыл

8

15-30 жыл

7

30-45 жыл

5

45 жылдан ашык

4

Металл

Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан

8

Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар

Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан

7

Орточо БНС

8,41

2.    Бекитилген базалык салыктык нарктарды үч жылда бир жолу учурдагы салыктык мезгилдин 1-октябрынан кечиктирилбестен кайра карап чыгуу жүргүзүлсүн.

3.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

   Төрага

Ы. Бакаев