Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 31-январы

 

Улахол айыл Өкмөтүнүн  2025-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Улахол айыл Өкмөтүнүн  2025-жылга  бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысыА.Кыдыкованын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Улахол айыл Өкмөтүнүн  2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолу 20 431,3  мин сом болуп төмөндөгүдөй өлчөмдө тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кирешелер түрлөрү боюнча: (миң сом)

Элемент

Кирешелердин аталышы

2025-жыл

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

7993,8

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

50,0

11311100

Турак жайга же жайга мүлк салыгы

23,0

11311200

Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы

30,5

11312200

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы

720,0

11321100

Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы

280,0

11321200

Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге салыгы 

442,6

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы (не сельхоз)

800,0

11462340

Акиташ, курулуш ташы

800,0

11462440

Ичүүчү жана техникалык суулар (роялти)

5,6

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым (лицензия)

1547,4

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

850,0

14152600

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы (КБФ)

500,0

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелери тарабанынан кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөө

500,0

14511400

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

200,0

Айыл Өкмөтүнүн өздүк киреше бөлүгү

14742,9

Теңдештирүүчү грант

5688,4

Жалпы кирешелер

20431,3

Чыгашалар түрлөрү боюнча: (миң сом)

Элемент

Чыгашалардын аталышы

2025-жыл

70111

Башкаруу аппаратына

9579,6

70821

Китепкана

1684,9

70823

Маданият үйү, клуб

1854,6

70911

Бала бакчалар

6569,4

70921

Билим берүү тармагы

242,8

70629

ЖКХ

500,0

Баардык чыгашалар

20431,3

  1. 2025-жылга  бекитилген бюджети максатына жараша кынтыксыз аткарууга алуу

жагы айыл Өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыковага милдеттендирилсин.

  1. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 14 - токтомун 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага        К.Бейшеев