Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 28-январы № 1

Баткен шаарын   социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2024-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун

отчётун  угуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-берненин 3;6-пункттарына,  48-беренесинин 12-пунктуна ылайык Баткен шаардык Кеңеинин  VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:

         

1. Баткен шаарын   социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын  2024-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчету канааттандыраарлык экендиги белгиленсин  (отчёту тиркелет)

2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

А.Аширов

 

                                                                                              Баткен шаардык Кеңешинин VIII

чакырылышынын кезектеги  III

сессиясынын №_____ токтомунун

№1 тикемеси

 

БАТКЕН ШААРЫНЫН 2024-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНДАГЫ  СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧАМААЛЫМАТ

 

1.     Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын1-мартындагы “2022-2024-жылдарга консолидацияланган бюджеттин максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө” №96-т тескемеси; 

2.     Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” №454 токтому.

3.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №109 Жарлыгы;

4.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объектерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” №56 Жарлыгы;

5.     Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бектитүү тууралуу” №291 токтому;

6.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” №510 токтому;

7.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “Өлкө үчүн ишке ашыруусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” ПЖ№63 Жарлыгы;

8.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” ПЖ№1 Жарлыгы;

9.     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ№23 Жарлыгы;

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ № 561 Жарлыгы;

11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-июнундагы №156 “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгы.

Баткен шаары, 2025-жыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү” жөнүндө №454 токтомун аткаруу максатында, 2024-жылдын ичинде бир катар уюштуруучулук жана практикалык иштер жүргүзүлүп, айрым тармактарда урунттуу өсүүлөр байкалып, кээ бир тармактарда стабилдүүлүк сакталды. Алсак,

Өнөр жайпродукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 1 768 900,0 миң сомду түзүп, физикалык көлөмү 147,7%га, же өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 609 367,9миң сомго көп аткарылган.

Бул көрсөткүчтү электр энергиясыз алганда227 993,0миң сомду түзүп, өсүү темпи мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу105,1%, физикалык көлөмүнүн  индекси 103,1% түзгөн.

Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда кичи жана калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча жалпы 150 ишканалар катталып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. 2023-жылгысалыштырмалуу  калктын жеке ишкердүүлүгү 63кө көбөйгөн.

Жеке ишкерлер жана кичи жана орто бизнесте иштегендер тарабынан -2489044,7миң сомдук чекене соода жүгүртүү жүргүзүлүп, 1 768 910,2миңсомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү.

Шаар аймагындагы ишкерлерге жер участокторун ажыратып берүүдө Чет-Булак аймагынан 2019-жылы атайын 172,9 га өнөр жай зонасы бөлүнүп берилген. Учурда өнөр жай аймагында мал союучу жай, тоок ферма,  асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу цех, темир-бетон кичи цехи ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

“Ак-Сай Кенч” тоок фермасынынжетекчиси жеке ишкер Абдулаев Адилет тарабынан 35 миң тоокко ылайыкташкан кошумча имарат курулуп, фермада тооктун саны 71 миңге жеткен. Учурда фермада күнүнө 70 миң даана жумуртка алынууда.

Капиталдык курулуш -793 204,7 миң сомдук капиталдык салымдар сарпталып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,0 эсе өскөн.

Айыл чарбасындажалпы өндүрүлгөн дүң продукцияларынын көлөмү 1 039 046,0миң сомго аткарылып, өсүү темпи 104,1 % ды түздү.

Рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү3 537 773,3 миң сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, иш жүзүндөгү баада 112,5%ды, салыштырмалуу баада 103,4%ды түзгөн.

Чекене товар жүгүртүү бардык каналдар боюнча товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 489044,7 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи иш жүзүндөгү баада 106,4%, салыштырмалуу баада 102,4 %га жеткен.

Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү1 048 728,6 миң сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу иш жүзүндөгү баада 129,9%ды, салыштырмалуу баада 99,6%ды түздү.

Жаңы жумуш орундарды түзүү боюнча - жалпы 1101 адамга жумуш оруну түзүлүп, анын ичинен 442 туруктуу, 554 убактылуу, 105 сезондук жумуш орундары түзүлгөн.

Жумушсуздук боюнча1483 жумушсуз жаран катталган. Алардын ичинен 897 жумушсуздар расмий каттоого алынган. 

Орточо эмгек акы:35 382,0 сомду, ал эми өсүү темпи 100,6% түзгөн.

 

Мамлекеттик салыкжана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 334 771,2 миң сомго аткарылып, 101,1%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 3633,3миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 130,7%ды түзүп, 78 596,2 миң сомго көп аткарылган.

Республикалык бюджет:180724,9 миң сом жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, факты боюнча 184 339,3 миң сом чогултулуп, план  102,0%, же болбосо планга салыштырмалуу 3614,4 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 164,7%ды түзүп, 72 439,8 миң сомго көп аткарылган. 

Жергиликтүү бюджет:150 413,0 миң сом план жеткирилген болсо, 150 431,9 миңсомго аткарылып,100,0%, же болбосо18,9миң сомго көп жыйналды. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 6156,4 миң сомго көп аткарылып, 104,3%ды түздү.

Баткен шаарынын аймагында  бүгүнкү күндө 2008 ишкер ЭТТК боюнча иш алып барат. Ошондой эле, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарында 1144 көзөмөл кассалык аппараты орнотулган.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ижара акыларды топтоодо аткарып жаткан иштери боюнча кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин, калктуу конуштардагы айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүүдө жана муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды. 

Кайра бөлүштүрүү жерлеринин жалпы аянты - 469,0 га түзөт. Анын ичинен сугат айдоо жер - 268,0 га, көп жылдык бак - 124,0 га, кайрак жерлер - 77,0 га.

Ижарага берилбей калган 97,9 га жерлер боюнча алсак;

Сугат айдоо багытындагы 54,0 га жер аянты Аэропорт участкасында жайгашкандыктан, Аэропорттон жерди пайдаланууга макулдук берилбей келет. 

Кайрак багытындагы 43,0 га жер аянты Чет-Булак кварталынын Күнгөй участкасында жайгашкан. Кайрак эгүүгө кызыктар тараптар жок.

Жалпы ижара төлөмдөрү боюнча Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментинин карамагындагы жалпы 369,8 га кайра бөлуштүрүү фондунун жерлерин жана 43735 чарчы метр калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө бекитилген планы 6510,8 миң сомго аткарылып 160,6% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 2455,8 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 121,1% га же болбосо 1135,8 миң сомго көп аткарылган. Алсак,

Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген планы 2140,0 миң сомго аткарылып 138,0% ды түзгөн.  Же болбосо планга салыштырмалуу 585,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 160,3% га  же болбосо 805,0 миң сомго көп аткарылган. 

Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин ижарага берүү боюнча жылдык бекитилген планы  4370,8 миң сомго аткарылып 175,0%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 1870,8 миң сомго көпчогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 108,1% га  же болбосо 330,0 миң сомго көпаткарылган.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен Таза-суу” чарбалык эсептеги муниципалдыкишканасынын таза суу төлөмдөрүн жыйноо боюнчабекитилген планы 15 000,0 миң сом болсо, 15 806,0  миң сомго аткарылып 105,4% ды түзгөн.  Же болбосо планга салыштырмалуу 806,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 7357,3 миң сомго көп аткарылган.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен - Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын бекитилген планы 4950,0 миң сом болсо, 5953,8 миң сомго, же план 120,3% аткарылды. Же болбосо планга салыштырмалуу 1003,8 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 104,6% га же болбосо 265,3 миң сомго көп аткарылган.

“Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасына долбоордун негизинде 10 тонналык таштанды ташуучу 1 даана автоунаа жана таштанды таштоочу 223 даана урна 13 101,0 миң сомго АРИС уюму тарабынан алынган. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен автобаза” муниципалдык ишканасы2634,1 миң сом киреше таап, пландык көрсөткүчү 128%га аткарылган. Мурдагы жылга салыштырмалуу 583,3 миң сомго көп чогултулуп, өсүү темпи 177%га жеткен. Анын ичинен:

 

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасыжыл ичинде 2145,3 миң сом киреше тапкан. Бул киреше кызматкерлердин айлык акысына, соц.фонд, киреше салыктарына, жана башка салыктарга чыгымдалып, түшкөн каражаттардан мал базарга 37,0 миң сомго 4 даана байкоо камерасы, 157,4 миң сомго мал кармоочу 6 короо, 1 ооруган малдарды кармоочу жай жана отургуч (скамейка)курулган.

Айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча токтолсок, «Тегирмен башы» асыл тукум эчки чарбасында жалпы 1930 баш эчки бар. Быйылкы жылга карата 500 кг тыбыт таралып, 1691,5 миң сомдук киреше алып келген.Дан эгиндерин жыйноодо 16,0 тонна арпа жана 16,7 тонна буудай жыйналган.

"Кызыл-Дан" айыл чарба үрөнчүлүк өндүрүштүк кооперативи түшүмдүүлүгү жогору болгон арпанын “Вакула” сортунан жалпы аянты 10 гектар жерден 31 центнер/га түшүм алып, жалпы 31 тонна арпа үрөнүн жыйнаган. Ошондой эле, жалпы аянты 15 гектар жерден 26 центнер/га түшүм алып, жалпы 39 тонна будай үрөнүн жыйнаган.

Баткен шаары боюнча «Өлкөнү  өнүктүрүү стратегиясы» программасы алкагында 2024-жылга кабыл алынган иш чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 

Баткен шаарынын 2021-2025-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында ички жана тышкы инвестиция тартууда Баткен шаарынын 2024-жылга иш чараларынын планына жалпы 1 011 400,0миң сомдук иш-чаралар кабыл алынып, 944 700,0 миң сомго аткарылган. 

Баткен шаары боюнча 2024-жылга 66 иш чара кабыл алынган болсо, январь-декабрь айларына карата 37 иш чара аткарылып, 5 иш чара аткарылбай калган. Ал эми 22 иш чарада жумуштар уланып, иш чаранын аткарылышынын пайыздык көрсөткүчү 89,4%ды түзгөн.

(миң сом)