КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №3/2
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин
регламентин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин регламентинин долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123 мыйзамынын 34-беренесинин 9-пунктуна ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин.(регламент тиркелет).
2. Кабыл алынган регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 03-февралындагы
№3/2 токтому менен бекитилген
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Кара-Бүргөнайылдык кеңеши
2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
12. Депутаттык топтор
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
13. Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
14. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
15. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
16. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
17. Сессиянын күн тартиби
18. Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
19. Депутаттык этика
20. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
21. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
22. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
23. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
24. Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби 25. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
26. Жарыш сөз (талкуулоо)
27. Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
28. Добуш берүү жана анын түрлөрү
29. Эсептөө комиссиясынын иши
30. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
31. Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
32. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
33. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
34. Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
35. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
36. Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
37. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
38. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
39. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
40. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Кара-Бүргөнайылдык кеңеши
1.1. Кара-Бүргөн айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайланган, 11 (он бир)депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Кара-Бүргөнайылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга жана ижарага берүүгө макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
5) айыл өкмөтунүн иши жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;
6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин бекитүү;
9) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
10) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
18) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
19) айыл аймагынын тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча программаларын планын бекитүү;
20) айыл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
21) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
22) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
23) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
24) айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында айыл өкмөтү менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
25) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
26) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды айыл өкмөтунө тапшыруу;
27) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
28) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү депутаттык топко таандык.
3.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 3 (үч)мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн5 (беш) мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 10(он) мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:
- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
- айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
- айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
- айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
- айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
- айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
- айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
- айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Айылдык кеңештин төрагасынын 1 (бир) орун басары болот.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
-айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;
6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.
6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.
6.3. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эми төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленген тартипте аныкталат.
7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айыл аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
7.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 3депутаттан кем болбоого жана 5депутаттан көп болбоого тийиш.
7.5. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.
7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.8. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында айылдык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү айылдык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
8.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айыл өкмөтунүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөт башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.
9.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мумкүн.