Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2025-жылдын 28-январы № 4

 Баткен  шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жана шаардык Кеңештин депутаттарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берүүсүнүн

Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө”  жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына шаардык КеңештинМыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, Регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-январдагы  корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен  шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жана шаардык Кеңештин депутаттарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берүүсүнүн Регламенти бекитилсин №1 тиркеме

2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.

3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзам укук, кылмыштуулук, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Артыкбаев)  тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

А.Аширов

Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын №_____токтомуна        

№1 тиркеме

 

Баткен  шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жана шаардык Кеңештин депутаттарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү коомдоштуктун  алдында отчет берүүсүнүн

Регламенти

 

1.    Жалпы жоболор

2. Шаардык Кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби

3. шаар мэринин шаардык Кеңештин  алдында отчетторун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

4. Шаар мэриясынын  ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби

Бул Регламент (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун камтыйт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.

 

1-глава. Жалпы жоболор

1.1. Баткен    шаарынын мэриясынын  отчет берүүсүнүн Регламенти – бул шаардык кеңештин токтому менен бекитилүүчү  акт, ал шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнүн тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шаар мэринин  отчет берүүсүнүн тартибин регламенттештирет.

1.2. Шаар мэриясынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, жергиликтүү коомдоштуктун   талкуу процессине тартуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө тургундарды маалымдоо ушул  Регламенттин максаты болуп саналат.

1.3. Регламент Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жергиликтүү коомдоштуктун конституциялык укуктарын коргоо принциптерине негизделип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматты өз убагында алуу укугун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугун камсыз кылат.

1.4. Баткен шаар мэриясынын  мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, ал эми жергиликтүү жамааттын алдында — өз ишинин жыйынтыктары үчүн жооптуу болушат.

1.5. Шаар мэриясы  жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугуна  отчет берет.

1.6.Жергиликтүү  коомдоштуктар коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү коомдоштуктун  мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында) жана курултайларында талкуулоо формасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышат.

1.7. Шаардык  кеңешинин депутаты өз округунун шайлоочуларынын алдында жооптуу жана аларга отчет берет.

1.8. Шаардык кеңешинин депутаты маал-маалы менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жолу өз иши жөнүндө шайлоочулардын жана жарандардын коомдоштугунун  алдында отчет берип турууга милдеттүү.

1.9.Шаардын мэри  жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык шаардык  кеңешке бекитүүгө берет, жергиликтүү маанидеги маселелердин жана бюджеттин аткарылышы, ошондой эле муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө шаардык кеңештин алдында отчет берет.

 

 

2-глава. Баткен шаардык Кеңешинин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби