КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 3-февралындагы №3/3
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Жобосун жана БмЖБ тобунун курамын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгун арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү мамлкеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 27.12.2024-жылдагы №352 буйругунун негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу ( мындан ары БМжБ тобу) төмөндөгү курамда курамда түзүлсүн:
1. А.С. Секиев -жарандык коомдун өкүлү, Ак-Чий айылынын тургуну
2. М.К.Жусупов - жарандык коомдун өкүлү, Жаңы-Тилек айылынын тургуну
3. Б.Б.Мамакеева - жарандык коомдун өкүлү, Кара-Бүргөн айылынын тургуну
4. Э.Р.Беккелдиев - жарандык коомдун өкүлү, Кара-Бүргөн айылынын тургуну
5. М.М.Рыспаева- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты.(Ак-Чий)
6. Ж.Н.Токтокуев- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты.(Жаңы-Тилек)
7. Р.К.Атабекова- Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты.(Кара-Бүргөн)
8. М.Төрөбек кызы –Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
9. Б.Т.Матенов-Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
10. Ш.М.Нурманбетов- Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси
11. А.Эшболот уулу- Жаңы-Тилек айылынын айыл башчысы
1. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Жобосу бекитилсин. ( тиркеме тиркелет)
2. Жогорудагы түзулгөн БМжБ тобуна жобого ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 03-февралындагы
№3/3 токтому менен бекитилген
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Жобо
- Жалпы жоболор
1. Ушул жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү жамааттын Типтүү уставына ылайык иштелип чыгып, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары (Кара-Бүргөн айыл өкмөтү, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши)) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.
БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.
БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.
3. ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.