Редакцияот 31.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 31-январы №20

Улахол Муниципалдык ишканасынын 2024-жылы аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндө.

------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Улахол Муниципалдык ишканасынын 2024-жылы аткарган иштери боюнча директор У.Искендеровдун маалыматын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Улахол Муниципалдык ишканасынын 2024-жылы аткарган иштери боюнча

маалыматы кабыл алынсын.

  1. Улахол Муниципалдык ишканасына  2 ай мөөнөткө чейин 2025-жылы аткара

турган иштери жана ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды менен кезектеги сессияга     

даярдап келүү жагы  милдеттендирилсин.

  1. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 20 - токтомун 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага        К.Бейшеев