УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №21
Ак-Булуң участогундагы 20,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.
------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Ак-Булуң участогундагы 20,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берүү боюнча айыл Өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К. Соконовдун маалыматын жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Булуң участогундагы №492 контурунда жайгашкан 101,30 га айыл чарба
багытындагы жайыт жеринин ичинен 20,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга жана трансформациялоого макулдук берилсин.
- Ак-Булуң участогундагы №492 контурунда жайгашкан 101,30 га жер аянтынын
20,0 га жер аянтынан тышкары калган 81,30 га жер аянты жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймак катары калтырылсын.
- 20,0 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга, трансформациялоого жана
андан тышкаркы калган жерин жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймак болуп калтырууга тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 21 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев