УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №22
Улахол айылдык кеңешинин 2025-жылга иш- планын бекитүү жөнүндө.
------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Улахол айылдык кеңешинин 2025-жылга иш- планын бекитүү боюнча кеңештин төрагасы К.Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Улахол айылдык кеңешинин 2025-жылга иш-планын айрым алымча кошумчалары
менен бекитилсин.
- Улахол айылдык кеңешинин 2025-жылга бекитилген иш-планына ылайык иш
жүргүзүү жана анын негизинде кошумчалары менен туруктуу комиссиялардын иш пландарын бекитүүгө кийинки сессияга даярдап келүү туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 22 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Бейшеев