Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги 7 сессиясынын

 

2024-жыл 05-сентябры №7/6

 

 

Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн жаңы курулуп жаткан административдик имаратынын ички жана тышкы жасалгалоо курулуш иштери боюнча даярдалган долбоорду Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

 

Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевдин кайрылуусу канааттандырылсын жана айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын курулуш иштерин жандандыруу максатында даярдалган долбоор Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.

 

2.     Тийиштүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.     Токтом “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын рестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

Т. Хамракулов