Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 29-январы № 17

             Ак-Татыр айылдык кеңештин Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы N123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренеылайык, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 2025-жылдын 23-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Ремпубликасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330-буйругунун негизинде Ак-Татыр айылдык кеңештин Регламенти бекитилсин.(Тиркемеси тиркелет)

 

2.Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга жана туруктуу комиссия төрагасы Амирбек уулу Алтынбекке жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

        6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.                                                    

Тиркеме 25 баракта, 2 нускада.

 

 

 

 

 

Төрага

Т.Исманов

                                             1-тиркеме

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII   чакырылышынын кезектеги  IV сессиясынын №17 токтомуна тиркеме.

 

 

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин

РЕГЛАМЕНТИ

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Ак-Татыр айылдык кеңеши

2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары

4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары

6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

12. Депутаттык топтор

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

 

13.  Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы

14. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

15. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

16. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы

17. Сессиянын күн тартиби

18. Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети

19. Депутаттык этика

20. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

21. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби

 

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ.  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

 

22. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар

23. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

24. Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

25. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

26. Жарыш сөз (талкуулоо)

27. Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу

28. Добуш берүү жана анын түрлөрү

29. Эсептөө комиссиясынын иши

30. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

31. Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

32. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

33. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

34. Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо

35. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети

36.  Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

37.  Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

38. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу

39. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

40. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби

 

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

 

    ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

  1. Ак-Татыр айылдык кеңеши

1.1.      Ак-Татыр айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайланган, 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.2. Ак-Татыр айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.

1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.

1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.

1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.