Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 29-январы № 18

            Коомдук алдын алуу борборунун мекемесинин мүчөлөрүн жаңыдан түзүү менен ишин жандандырууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлүү жана Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 1-главасынын 22-беренесин жана 34-беренесин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 28-октябрындагы буйругуна ылайык, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 23-январындагы отурумунун №1 протоколун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

1.Коодук алдын алуу борбору мекемесинин мүчөлөрүнүн тизмеси №1-тиркемеде бекитилсин.

 

2.Коомдук алдын алуу борбору мекемесинин ишин жандандырууга жергиликтүү бюджеттен 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/342-буйругунун негизинде “Коомдук алдын алуу борборунун” Аксакалдар сотунун регламенти №2-тиркемеде бекитилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиянын төрагалары Амирбек уулу Алтынбек жана К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.

 

6.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

7.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

8.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин. 

                                                  

                                                                                                                                          

Тиркеме 6 баракта, 2 нускада.

 

 

 

Төрага

Т.Исманов

1-тиркеме

 

 

КААБ мекемесинин жаңыдан түзүлгөн мүчөлөрүнүн тизмеси.

1)    Аксакалдар сотунун төрагасы Жамалов Нарзилла.

2)    Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жумабаев Рахматилла.

3)    Аксакалдар кеңешинин төрагасы Асанов Дүйшөбай

4)    Аялдар кеңешинин төрөайымы Эшмурзаева Обидахан.

5)    Жаштар кеңешинин төрагасы Сами уулу Туратбек.