Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 29-январы № 24

 

  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында салыктык эмес кирешелердин өлчөмүн 2025-жылга бекитүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 24-главасы “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” белгиленип 73-74-75-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында”  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

 

            1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн салыктык эмес кирешелерди белгилөө боюнча, 2025-жылга карата салыктык эмес кирешенин өлчөмү ар бир жашоочуга 5 сомдон бекитилсин.

 

 

           2 Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.

 

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Т.Исманов