Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 7
“Зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Булак айыл аймагынындагы үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коеффициенттерин бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык Кеңештин 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы №22-1-12/8684 сандуу көрсөтмөсүнүн негизинде. 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 398-беренесинин 3,4- пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык Тогуз-Булак айыл аймагынындагы үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коеффициенттери төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
1) Тамарка салыгына Кз-1 коеффициенти .
2) Айыл чарбасына арналбаган жер салыгына Кз-1 коеффициенти.
- Бул токтом 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
- Токтомду бекитип берүү жагы К.Р Адилет Министрлигинин Баткен облустук бөлүмүнөн суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.Ражапов |