Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тогуз-Булак айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы

 

2025-жылдын 14-февралы  № 2

“ Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актылары өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-пунктунда көрсөтүлгөн маселелерди аткарууга алуу боюнча

 

 “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” К.Р нын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу,К.Р нын Салык Кодексинин 379,380-беренелерине ылайык турак жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларын  бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык Кеңештин сессиясы

 

                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

  1. “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” К.Р нын Мыйзамынын 14-пунктуна кирген маселелерди ишке ашыруу, К.Р нын Салык Кодексинин 379-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнө ылайык турак жай имараттарына эсептелинүүчү салык ставкаларынын коеффициенттери, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында, калктын саны он миң кишинен жогору болгондугана байланыштуу төмөнкүдөй болуп  бекитилсин. К.Р нын Салык Кодексинин 379-беренесинин 3-пунктуна ылайык жогоруда көрсөтүлгөн салык ставкалары 3 жылда бир жолу каралсын.

1)    2025-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейин турак жайларга мыйзамда көрсөтүлгөндөй 1 чарчы метр жерге 10 сомдон салыктын ставкасы бекитилсин.

  1. Токтомду бекитип берүү жагы К.Р Адилет Министрлигинин Баткен облустук бөлүмүнөн суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Финансы Экономика Бөлүмүнө милдеттендирилсин.

Төрага

К.Ражапов