Редакцияот 19.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2025-жылы 19-февралы № 18

Алтын-Бешик   айыл аймагында турак жай үйлөргө 2025-2027- жылдар үчүн     салыктын өлчөмүн  бекитүү  жөнүндө.

 

 Кыргыз Республикасынын “Салык  кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө “ Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна Кыргыз Республикасынын Салык  кодексин 379-380- беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенине ылайык 55-глава. Мүлүк  салыгы боюнча жеңилдиктер жана  бошотуу, 409-беренеси  .Имарат,курулмага жайга, автотранспорт каражатына мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер жана 79-статьсына ылайык 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык. Жергиликтүү кеңештер бюдеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында  Мамлекеттик Салык Кызматынын  Баткен району боюнча Башкармалыгынын кызматкери Ж.Эргешовтун баяндамасын угуп,жана талкуулап.  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз III сессиясы

         Токтом кылат.

  1. Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн  мүлк салыгы боюнча 2025-2027-жылга карата “Турак жай” үйлөргө  бир чарчы метр  аянтына салыктын өлчөмү 8 сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко милдентендирилсин.
  1. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым:

 А. Матраимова