Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 1

Орозбеков айыл аймагында жергиликтүү салыктардын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө.

     Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,  2022-жылдын 18-январында кабыл алынган салык төлөмдөрүнүн “Салык кодексинин” 344-беренесине,   412-беренесинин 2-пунктуна жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна негиз Орозбеков  айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Орозбеков  айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучулары, Чернобыль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн  бошотулсун.
  2. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин салыктары топурактын бонитетинин баллын эске алуу менен төмөнкү тарифтер бекитилсин; 1 га жер аянтына жер салыгы 156(бир жүз элүү алты) сом, ижара акысы 2500(эки миң беш жүз) сом; кайрак айдоо 41(кырк бир) сом, ижара акысы 2000(эки миң) сом; бак 150(бир жүз элүү) сом, ижара акысы 2167(эки миң бир жүз алтымыш жети) сом; чөп чабынды 25(жыйырма беш) сом, ижара акысы 1000(бир миң) сом.
  3. Тамарка салыгы коэффиценти (Кз) 2  эсебинде  бекитилсин.
  4. Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы коэффиценти (Кз) 2 эсебинде бекитилсин.
  5. Айыл аймагындагы асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүп,  убактылуу пайдалануу үчүн аймактын жарандарына 1 гектардан ашпаган жер аянты берилип, ижара акысы гектарына 3000(эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  6. Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.
  7. Токтомдун аткарылышын камсызоо  айыл өкмтүнө тапшырылсын.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Каримов