Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 5

 Учкун айылынын Кыргызстан 60 көчөсүнүн 400 метр аралыгына асфальт төшөө боюнча даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө.

      Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1,6-пункттарына  жана Орозбеков айылыдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча турукуу комиссиясынын отурумунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Учкун айылынын Кыргызстан 60 көчөсүнүн 400 метр аралыгына асфальт төшөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү  фондуна даярдалган долбоорду колдоо максатында өздүк салым катары  айыл өкмөтүнүн бюджетинен 360 000 (үч жүз алтымыш миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы бюджет жана финансылык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Төрага

К.Каримов