ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 7
Мөмө-жемиштердин ширесин чыгаруучу эмерек сатып алууга даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна жана Орозбеков айылыдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча турукуу комиссиясынын отурумунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Мөмө-жемиштердин ширесин чыгаруучу эмерек сатып алууга Кадамжай райондук өнүктурүү фондуна даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 500 000(бир миллион беш жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Эмеректи айыл өкмөттүн балансына каттоо жана мыйзам чегинде ижарага берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |