Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-февралындагы № 90
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 609 токтому менен бекитилди) |
2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика"
программасы
1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Калкты иммунизациялоо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (мындан ары - ДСУ; тарабынан адамдын ден соолугун коргоодо эң натыйжалуу салым катары таанылган жана 2030-жылга карата балдардын өлүмүн азайтуу, кедейчиликти кыскартуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо жаатында Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (мындан ары - ТӨМ) жетүүнүн маанилүү компоненттеринин бири болуп эсептелет.
Үзгүлтүксүз пландуу иммунизациялоо дүйнө жүзүндө коомдук саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу стратегиясы болуп эсептелет, аны ишке ашыруу саламаттык сактоо жаатындагы башка медициналык кийлигишүүлөргө салыштырганда балдардын оорусунун, өлүмүнүн жана майыптыгынын деңгээлин кескин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
ДСУнун маалыматтары боюнча жыл сайын полиомиелитке, сенекке, кептөөргө, көк жөтөлгө каршы иммунизациялоо 2 миллиондон 3 миллионго чейинки өлүм учурларын алдын алууга мүмкүндүк берет, күн сайын болжол менен он миңге жакын өмүрдү сактап калат жана миллиондогон адамдарды оорудан жана майыптыктан сактайт.
2000-2013-жылдар мезгилинде:
- кызамыкка каршы эмдөө кызамыктан глобалдуу өлүмгө учуроолорду 75%га төмөндөттү жана кызамыкка каршы вакцинаны коомдук саламаттык сактоонун бир кыйла пайдалуу жетишкендиктеринин бирине айландыруу менен 15,6 миллион өлүм учурун алдын алды. Туруктуу жана жогорку деңгээлде эмдөө менен камтууда оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөйт жана жада калса ооруну толугу менен жок кылышы мүмкүн;
- полиомиелитти жок кылуу боюнча глобалдуу аракеттердин натыйжасында 16 миллиондон ашык адам шал болуудан сакталып калды. 1988-жылдан тартып полиомиелит менен ооруган учурлардын саны 99%га азайган.
Кыргыз Республикасында эмдөө жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде 1951-1960-жылдары кептөөр, кызамык, көк жөтөл жана полиомиелиттен ооруган ар бир жетинчи бала каза болуп турган.
Ошону менен бирге. калкты иммунизациялоо саламаттык сактоо жаатындагы актуалдуу маселелердин бири болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу ДСУ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 2012-жылдын 26-майындагы WHA65.17 резолюциясы менен бекитилген 2011-2020-жылдарга вакциналарга карата Глобалдуу иш-аракеттердин планын кабыл алуу аркылуу (мындан ары - Глобалдуу план) ар бир жарандын укуктарын сактоо менен, ошол эле мезгилде алардын коом алдындагы жоопкерчилик деңгээлин жана милдеттенмелерин жогорулатуу менен иммунизациялоого бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, эмдөөнү колдоодо коомдун ролун жогорулатуу үчүн күрөшөт.
Глобалдуу планда баяндалган максаттарга жетүү 24,6 миллиондон 25,8 миллионго чейин адам өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет, муну менен Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 4 милдетине жетүүгө болот, полиомиелитти. кызамыкты, кызылчаны жок кылууга көмөк көрсөтөт.