Редакцияот 20.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

I - чакырыгынын иреттеги ачык III сессиясы

 

 

2025-жылдын 20-январы № 18-8

 

Төрт-Гүл айыл аймагындагы жер амнистиясынын алкагында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жер амнистияга  дуушар болгон жер тилкелеринин аянттарынын чектүү жол берилген ченемдерин белгилөө жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айыл тургундарынын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн өздүк үлүштөрү боюнча башкы адиси.Замятина Н.Б-ны маалыматын угуп жана талкуулап

Төрт-Гүл айылдык кенеши:

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Төрт-Гүл айыл аймагынын жеке менчикке берүү үчүн "Жерге мунапыс" берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмдөрүнүн максималдуу жол берилген ченемдери белгиленсин:

·         Петровка айылы – 0,3 га чейин (3000 чарчы метр).

·         Кызыл-Туу айылы – 0,3 га чейин (3000 кв. метр).

·         Предтеченка айылы – 0,3 га чейин (3000 кв. метр).

·         Аң-Арык айылы – 0,3 га чейин (3000 кв. метр).

·         Беш-Терек айылы – 0,3 га чейин (3000 кв. метр)

2. Мунапыска туш болгон жеке жер тилкелерин ушул токтомду Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө каттоого жетекчиликке алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 Ж. Маматкеримов