Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 4-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын  4-февралы №1

   

Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше- чыгаша бөлүгүн карап бекитүү жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 2- кезектүү сессиясы карап чыгып.

 

Токтом кылат:

 

1.    Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1.    Жергиликтүү бюджет жалпысы 15 483,6 миң сом, мунун ичинен 14 673,8 миң сом салык жана салык эмес жыйымдар, 804,8 миң сом атайын каражаттар.

2.    Теңдештирилген грант- 26 158,7 миң сом.

Баардыгы: 41 642,3 (кырк бир миллион алты жүз кырк эки миң үч жүз) сом.

 

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

1.    Башкаруу аппарат-                       28 553,2 сом         Р-701 11                                                          

2.    Китепкана-                                    1 617,4 сом           Р-701 11            

3.    Маданият тармагы-                      3 828,3 сом           Р-708 23  

4.    Бала бакча-                                   1358,4 сом             Р-709 11

5.    Мектеп-                                         4 045,0 сом           Р-709 21

6.    Экономикалык маселелер

     (жайыт комитети)-                       1435,2 сом              Р- 704 91

7.    Атайын каражаттар-                   804,8 сом                Р-709 11

 

Баардыгы: 41 642,3 (кырк бир миллион алты жүз кырк эки миң үч жүз) сом.

2 . Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолдуу долбоорунун киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

  1. 2026-жылга

Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 18 299,9  

миң сом.

  • Теңдештирилген грант- 26 158,7 миң сом.
  1.  2027-жылга

Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 18 380,0 миң сом.

  • Теңдештирилген грант- 26 158,7 миң сом.
  1.  Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп , тиешелүү статьяларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2017-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин.
  1. Айыл өкмөт кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн сметага ылайык жүргүзүүнү айыл өкмөттүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб- сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.