Редакцияот 04.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 4-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын  4-февралы №3

   

 Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак Моюн тазалык муниципалдык ишканасына “ Айыл- Банк”   аркылуу лизингге техника алуу жөнүндө 

 

   X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 4- сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кенеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  алдындагы «Ак-Моюн Тазалык муниципалдык ишканасына «Айыл  Банк»   аркылуу лизингге

  - ХОВА ТХ 371л.с.(каммерциялык сунуштаманын негизинде)

    41 000 (кырк бир миӊ  )АКШ доллары же 3 608 000 (үч миллион алты жүз  сегиз миӊ ) сомго жылдык 17% менен 3 –жылдык мөнөткө алынсын.

 

2. Лизингге өздүк салым катары техниканын жалпы баасынын 30% же 1 100 000 (Он эки миӊ беш жүз ) АКШ доллары же 1 100 000( Бир миллион бир жүз  миӊ) сом

 «Айыл  Банк»   алдын ала которулуп берилсин.

 

3. Банктын талаптарына ылайык  алынган техникага 55 000 (элүү беш  миӊ) сомго 3-жылга камсыздандырылсын жана ал сумма да «Айыл  Банкка»   алдын ала которулуп берилсин.

 

4. ехниканы оформление кылууга 10 000 (он миӊ )сом өзүнчө которулуп берилсин.

 

5. Техниканы растоможка кылууга2 500 ( эки миӊ беш жүз ) АКШ доллары же 220 000 (эки жүз жыйырма миӊ ) сом которулуп берилсин.

 

6. Лизингге алынган насыяны өз мөөнөтүндө пайыздары менен чогуу төлөп берүү «Ак-Моюн Тазалык»  муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебиненжүргүзүлсүн жана эки тарапка өз убагында бул милдеттемени аткарууга бирдей милдеттендирилсин.

 

7. Ак-Моюн  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, «Ак-Моюн Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисине «Айыл  Банктан»   лизингге техника алууга жазуу түрүндө уруксат берүүгө, «Айыл  Банк»    менен кепилдик келишимин түзүүгө жана кол коюуга жана башка лизингге байланыштуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө укук берилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн БЭФ башчысы С.Султанбеков жана бухалтери Г.Акматбекова жана тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин;

 

9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.ak-moyun.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун  Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

10.     Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.

 

 

 

      Төрага:

Б. Султангазы уулу