Редакцияот 20.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТӨРТ-ГҮЛ

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

I - чакырыгынын иреттеги ачык III сессиясы

 

 

2025-жылдын 20-январы № 26-16

 

Эксковатордун атайын техникаларын сатып алуу долбоорун кошо каржылоого акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

"Эксковатордун атайын техникаларын сатып алуу долбоорун кошо каржылоого акча каражатын бөлүү жөнүндө" Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Байсулдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап

Төрт-Гүл айылдык кеңеши

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. 2025-жылга чыгымдардын сметасында "атайын техниканы сатып алуу" долбоорун кошо каржылоого 1400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом акча каражаты каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаев милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 Ж.К. Маматкеримов