Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 27-февралы № 6

 

Нарын шаарынын аймагындагы  турак жай имараттарына

 мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379, 380-беренелерин  жетекчиликке алып, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын  сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы токтом кылат:

 

1.           Нарын шаарынын аймагындагы  турак жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасы 1(бир) чарчы метрине  2025-жылдын 1-январынан  тартып 17 (он жети)  сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага

Ж. Эсеналиев