2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча МААЛЫМАТТЫК СТРАТЕГИЯ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы № 242-т тескемесине)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-майындагы № 242-т тескемесине)
2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча МААЛЫМАТТЫК СТРАТЕГИЯ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
2024-2026--жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегиясы (мындан ары - Маалыматтык стратегия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) "Адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу" 2.1.1-пунктуна ылайык иштелип чыккан.
Адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде күчтөрдү консолидациялоо талап кылынат, ага адамдарды сатуунун алдын алууга, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоого жана адамдарды сатуу менен алектенген адамдарды жазалоого багытталган чаралар кирет.
Адамдарды сатуунун натыйжалуу алдын алуу максатында 2000-жылдын 15-ноябрындагы "Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясын толуктоочу Адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана жазалоо жөнүндө протоколдо" (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 74 Мыйзамы менен ратификацияланган (мындан ары - Палермо протоколу) потенциалдуу курмандыктарга эсептелген социалдык-экономикалык демилгелерди ишке ашыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында иликтөөлөрдү жана өнөктүктөрдү өткөрүү боюнча чараларды көрүү боюнча мамлекеттерге карага талаптар камтылган. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатында мыйзам чыгаруудан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен тартып жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коомчулукка чейин катышуучулардын кеңири чөйрөсүнүн чыгармачыл демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытында кызматташуусу зарыл болуп саналат.
Бул сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу субъекттери калкты маалымдоо боюнча өнөктүктөрдүн жардамы менен адамдарды сатуу проблемалары боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн бардык күчүн жумшоосу керек. Адамдарды сатуунун курмандыктары (мындан ары - АСК) боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүүдө адам укуктары жаатында базалык стандарттарды кароо жана жабыр тарткандарга адамдарды сатуу фактысы кылмыш экендиги, алар анын курмандыгы болгондугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоого алууну талап кылууга укуктуу экендиги тууралуу түшүнүгүн камсыз кылуу зарыл.
Өнөктүктөрдүн жүрүшүндө калкка түшүнүктүү болгон формулировкаларды колдонуу, максаттуу аудиторияны эске алуу менен ыңгайлаштырылган жана анын өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген тиешелүү тилдердеги материалдарды пайдалануу абзел.
Жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) калктын ар бир катмарына идеологиялык жактан таасир кылган негизги курал болуп саналат. Бирок акыркы жылдары Интернет, анын ичинде социалдык тармактар айрыкча жаштар арасында маалымат, билим, идея жайылтуунун негизги каналына айланууда.
Бул стратегия Кыргыз Республикасында адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү проблемаларын чагылдыруу боюнча маалыматтык өнөктүктүн максатын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.
Маалыматтык өнөктүктү ийгиликтүү ишке ашыруу зарыл болгон чыгармачылык, технологиялык шарттарды түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан адамдарды сатуунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча максаттуу программалар тууралуу, адамдарды сатуунун жана мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу жана каршы күрөшүү методдору жана каражаттары жөнүндө калкты маалымдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди координациялоого көз каранды.
2. Адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана проблемалар
Иш-чаралар планын аткарууга мониторинг жүргүзүү жана талдоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 108 буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ведомстволор аралык жумушчу топтун адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугун талдоого арналган жыйналыштарында Маалыматтык стратегиянын алкагында чечилүүгө тийиштүү болгон проблемалар бир нече жолу көтөрүлгөн.
Кыргызстандын медиа мейкиндигине жүргүзүлгөн изилдөөлөр, мониторинг жана басылмалардын динамикасы адамдарды сатуунун алдын алуу жаатында бир кагар проблемалар бар экендигин айгинелеп турат. Орун алган проблемалардын арасынан төмөнкүлөрдү бөлүп карасак болот:
- профилактикалык мүнөздөгү маалыматтардын жетишсиздиги;
- адамдарды сатуунун жама мажбурлап иштетүүнүн проблемаларынын туруксуз чагылдырылышы;
- региондук, шаардык жана райондук ЖМКда материалдардын санынын жетишсиздиги;
- АСК үчүн мамлекеттик жардамдын бар экендиги тууралуу маалыматтын жетишсиздиги;
- тийиштүү багытта сапаттуу, актуалдуу жана инновациялык маалыматтык продуктулардын санынын жетишсиздиги;
- АСК болуу тобокелдик тобуна кирген калктын айрым катмарларынын өкүлдөрү менен байланышуу маселелери боюнча ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар (мындан ары - ӨЭУ) ж.б. үчүн атайын билим берүү программаларынын жетишсиздиги;
- маалыматтык материалдарды түзүүдө мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ортосунда жетишсиз макулдашуу жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжасыздыгы;
- келип чыгуу себебин жана чечүү жолдорун аныктоо менен аналитикалык материалдардын санынын жетишсиздиги;
- журналисттик иликтөөлөрдүн жоктугу.
Маалыматтык стратегияда маалымат жайылтуучу уюмдар үчүн, ошондой эле калктын бардык топтору, өзгөчө тобокелдик тобуна киргендер үчүн актуалдуу көйгөйлүү маселелердин чечилиши каралган.