Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 27-февралы № 7

 

Нарын шаарындагы борбордук мончонун тарифин

 бекитүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы  токтом  кылат:

 

1.Нарын шаарындагы борбордук  мончонун тарифи 16 жашка чейинки окуучуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 150 сомго, чоңдорго жана пенсионерлерге 200 сомго бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн. 

Төрага

Ж. Эсеналиев