Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 27-февралы № 8

 

Нарын шаардык мэриясынын насыяларынын графигин төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдук жана кепилдик берүү жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы  токтом  кылат:

 

1.           Нарын шаардык мэриясынын насыяларын жылдырууга макулдук, ал эми, жаңыдан түзүлгөн графикке ылайык 2028-жылдан тартып, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилишине кепилдик берилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн. 

 

 

 

Төрага

Ж. Эсеналиев