Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I- сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры №3

III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №1 чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

1.     Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрына  саат 10:00 гө Арка айылынын Жеңиш маданият үйүндө өтүлө тургандыгы белгиленсин.

2.     III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобо ылайык уюштурулсун жана өткөрүлсүн.

3.     Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына катыша турган делегаттарынын жалпы саны айылдын жашоочуларынын санына жараша төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

-       Арка айылына – 28 делегат;

-       Борбордук айылына – 20 делегат;

-       Достук айылына – 25 делегат;

-       Жаштык айылына – 27 делегат.

4.     Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоого жарандардын ар бир айыл боюнча жыйындарды өткөрүүнүн графиги №1 -тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.     Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы №2 – тиркемеге ылайык бекитилсин.

6.     Өкүлчүлүктүү  жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык

камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

7.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин   Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

Ж.Мурадилов

 

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 токтомуна №1-тиркеме

 

Жаңы-Жер айыл  аймагына караштуу айылдарда өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарын өткөрүү графиги

 

№

Айылдардын аталышы

Өткөрүү убактысы

Жыйындар өткөрүлүүчү жайы

Уюштуруучулар

 

1

Арка айылы

04.12.2024

саат 14:00

Маданият үйү

Абдуллаев Асанбек

Айыл башчы

2

Борбордук айылы

04.12.2024

саат 16:00

Ч.Айтматов орто мектеби

О.Шакиров

Айыл башчы

3

Достук айылы

04.12.2024

саат 15:00

Достук орто мектеби

З.Турдуева

Айыл башчы

4

Жаштык айылы

04.12.2024

саат 15:00

Маданият үйү

Б.Мавлонов

Айыл башчы

 

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин катчысы:                                                 А.Абдуллаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 токтомуна №2-тиркеме

 

Жаңы-Жер айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы: 

1.     Ж.Мурадилов - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

2.     А.Абдуллаев- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун качтысы;

3.     З.Турдуева- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

4.     А.Абдуллаев - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

5.     О.Шакиров - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

6.       Б.Мавлонов - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;

7.     У.Раимбердиев - Арка айылынын башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;

8.     О.Турсунбаев - Борбордук айылынын башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;