Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III- сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 9

 

 Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан 2025-2026-2027-жылдарга берилген контролдук цифра боюнча Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы Файзулла уулу Токтобайдын жана айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш  боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга долбоору жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин   мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп, жогорудагылардын негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин такталган планы жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы  28394.8 миң сом эсебинде киреше бөлүгү жана 24179.1 миң сом чыгаша бөлүгү  анын ичинен 2024-жылдан калдык суммасы 157.5 миң сом №4, 5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
  2. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары 24310.0 миң сом өлчөмүндө №1, 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  3. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше жана чыгашалары 25745.0 миң сом, 2027-жылга 27554.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  4. 2025-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондко,комуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү №6- тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нориативтери №7- тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Лейлек башкармалыгынын казына бөлүмү аркылуу Жаңы-жер айыл аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Жаңы-Жер айыл аймагынын эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
  6. 2025-жылга Жаңы-Жер айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларын төлөө, социалдык фондко чегерүү, коммуналдык кызматтарга).
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Жаңы-Жер айыл аймагындагы социалдык коргоо жактан жеңилдиктер, жарандык коргонуу Жаңы-жер айыл аймагынын бюджетинен каржылансын.
  8. 2025-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардан калган 6604.7 (алты миллион алты жүз төрт миң жети жүз) сом акча каражаттарынын сметасы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  9. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 2024-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2025-жылга каралган бюджеттин чегинде каржылансын.
  10. Жаңы-Жер айыл аймагынын 2025-жылга кабыл алынган бюджети 2025-жылдын 1-январынын баштап ишке киргизилсин.
  11. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин Арка –Раззаков такси маршруту менен иш сапарга барып келүү үчүн бир күндүк жол кире акысы 500 сом, тамактануусу 500 сом болуп белгиленсин.
  12. 2025-жыл ичинде Жаңы-Жер айыл аймагынын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттары жана иштелбей турган статьялардан акча каражаттары ишетилүүчү статьяларга айыл өкмөтүнүн буйругунун жана справка-уведомлениесинин негизинде жылдырылып чыгаша кылуу жагы камсыздалсын.
  13. Токтомдун аткарыдышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдк кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш  боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

Тѳрага

Ж.Мурадилов

 

 

Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын 3-сессиясынын

№9-токтомуна №2-тиркеме.

16-январь 2025-жыл.

Чыгымдар опнрациялык ишмердик үчүн нак акчаларды төлөөлөр

Жаңы-Жер айыл Өкмөтү.

Чыгашалардын Экономикалык статиясы Ч Ы Г А Ш А Л А Р Бекитилди 2024 жылдын 12 айыга 2024 жылга Жаныланган 12 айга 2023 жылга алынган факт Ылайык иш жузундогу эсептоо Аткарылды 5/4 Четто4\3 Четто Четто

1   2        3        4        5        6        7        8        9        10

701 Жалпы максатту малекеттик кызматтар 19 023,2 19 790,9 17 556,1 17 556,1 88,7 767,7 -2 234,8 0,0

Бюджеттик каражаттардан эсебинен 19 023,2 19 790,9 17 556,1 17 556,1 88,7 767,7 -2 234,8 0,0

2111 Маяна 12 803,2 13 522,3 11 958,0 11 958,0 88,4 719,1 -1 564,3 0,0