Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III- сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 10

 

  2025-2027-жылдарга карата Жаңы-Жер айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш  боюнча туруктуу комиссиясы корутундусун угуп жана талкуулуап Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

  1.  2025-2027-жылдарга карата Жаңы-Жер айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1.  Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы М.Баетовго тапшырылсын.
  1. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж.Мурадилов