Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III- сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 12

 

 Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылындагы жалпы 15,50 га Кайра бөлүштүрүү фондунун жана 15,50 га муниципалдык жердин картадагы түрүн (аталышын гана) алмаштыруу жөнүндө.

       Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылындагы №70, №74-контурдагы 15,50 га муниципалдык жердин аталышы Кайра бөлүштүрүү фондунун жери деп картага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана №42, №44-контурдагы 15,50 Кайра бөлүштүрүү фондунун жеринин аталышы муниципалдык жер деп картага өзгөртүү киргизүү үчүн Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылындагы №70, №74-контурдагы 15,50 га муниципалдык жердин аталышы Кайра бөлүштүрүү фондунун жери деп картага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана №42, №44-контурдагы 15,50 Кайра бөлүштүрүү фондунун жеринин аталышы муниципалдык жер деп картага өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

Ж.Мурадилов