Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 5-сессиясынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 20-февралы №3

   

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине өзгөртүү киргендигине байланыштуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында,мүлк салыгын эсептоо үчүн салыктык ставкасын карап бекитүү жөнүндө. 

 

   X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          

1.              Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине өзгөртүү киргендигине байланыштуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүүгүн көбөйтүү максатында ,мүлк салыгын (турак имараттар жана орун жайлар үчүн ) эсептоо үчүн салыктык ставкасынын чарчы метри 5(беш) сомдон бекитүүгө макулбуз.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.

 

 

 

       Төрага:

Б. Султангазы уулу