Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 16
Орозбеков айылдык кеңешинин кызматтык машинасы жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомунун 5-тиркемесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айылдык кеңешинин кызматтык машинасын утурумдук оңдоп -түзөө иштерин жүргүзүүгө айыл өкмөттүн бюджетинен 49 000(кырк тогуз миң) сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
- Айылдык кеңештин кызматтык машинасына айына 200(эки жүз) литрден күйүүчү май сатып алууга айыл өкөттүн бюджетинен каражат бөлүнүп берилсин.
- Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |